АСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
08:52, 6 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯ (астро… жана гр. nomos ‒ закон) ‒ ааламда болуп жаткан физ. процесстер менен кубулуштарды талдоонун негизинде асман телолорунун, системаларынын жана алардын ортосундагы мейкиндиктерди изилдөөчү, жалпы эле Аалам ж-дөгү илим. А. сфералык астрономия , практикалык астрономия, астрофизика, асман механикасы, жылдыз астрономиясы , галактикадан тышкары астрономия , космогония , космология ж. б. бөлүмдөрдү камтыйт. А. адамдын практикалык муктаждыгынан, б. а. мезгилдик кубулуштарды алдын ала айтуу, убакытты эсептөө ж. б-дан келип чыккан байыркы илим. Биринчи Жердин жасалма жандоочусун учуруу менен (1957, СССР) А-нын жаӊы доору башталган. Космостогу эӊ чоӊ (диаметри 2,4 м) Э. Хаббл телескобу 1990 жана 2005-ж. Жердин орбитасына чыгарылып, Күн системасындагы телолорду жана планета аралык чөйрөнү изилдөөнүн жаӊы ыкмалары пайдаланылган. Азыркы А-нын калыптанышы дүйнөнүн геоборбору системасынан баш тартуу жана аны дүйнөнүн гелиоборбору системасы менен алмаштыруу, асман нерселеринин (телолорун) телескоп менен изилдөөнүн башталышы жана бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун ачылышына байланыштуу. Б. з. ч. 2000-ж. Кытайдагы А. мектеби кытай А-сынын өнүгүшүнө салым кошкон. А. о. эле Египетте, Индияда жана Грекияда өнүккөн. Байыркы Грекия астрономдору эч кандай аспапсыз эле көз менен байкоонун негизинде чоӊ ачылыштарды жасашкан. Арисстарх Самосский бардык планеталар жана Жер кыймылсыз турган Күндү айланат деп далилдеп, дүйнөнүн гелиоборбору идеясын сунуш кылган. Шумер-аккад цивилизациясынын жрец-астрономдору көптөгөн кылымдар бою Күн, Ай ж. б. планеталардын кыймылдарын жылдыз фонунда катташкан. А-нын көп терминдери арабчадан келип чыккан, мис., зенит, надир, альманах. Птоломей б. з. 140-жылдарында «Альмагест» деген эмгегинде А. б-ча бүт билимди чогулткан. Ал о. кылымдын аралыгында негизги жетектөөчү эмгек болуп, 17-к-га чейин А-лык ойлордун өнүгүшүнө таасирин тийгизген. 1543-ж. поляк окумуштуусу Н. Коперниктин «Асман сфераларынын байланышы жөнүндө» деген эмгеги чыккан. Кийин Ньютондун бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун жана кыймылдын үч законун Ай жана планеталардын кыймылына пайдалануу Коперник, Кеплер жана Галилейдин иштерин бириктирген. Кийинки эки жүз жылдыкта А. эки багытта өнүккөн. Биринчисинде чоӊ жана кубаттуу телескоптун жардамы менен Ааламдын көптөгөн аймактары изилденген. Экинчисинде ‒ планеталарды, анын жандоочуларын, кометаларды, астероиддерди изилдөөдө Ньютондун динамика закону жана кош жылдыздарды аныктоочу өсүү саны пайдаланылат. Ад.: Воронцов-Веляминов Б. А. Мир звезд. М., 1952; Гильберг Л. А. Покорение неба. М., 1977. Струве О., Зебергс В. Астрономия ХХ в. М., 1968.