АВСТРИЯЛЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(өздөрүн Цsterreichеr ‒ эстеррайхер деп аташат) ‒ эл, Австриянын жерг. калкы. АКШ, Италия, Германия, Канада, Аргентинада да жашашат. Жалпы саны 8 894 389 киши (2019), өлкө калкынын 88,6%и Австрияда. Немец тилинин жерг. диалектинде сүйлөшөт. А-дын этностук негизин байыркы герман уруулары (алеман, бабар, свевдер), 6-к-да славяндар (словен), о. эле кельт, рет, иллирийлер түзөт. Дини ‒ католик. А-дын көпчүлүгү шаарда жашап, өнөр жайларда иштешет. Кыштактагылар негизинен мал чарбачылык, дыйканчылык м-н кесиптенишет. Жогорку ж-а Төмөнкү Австрия

да немец, Тиролдо ж-а тоолуу райондордо альпы (2 кабаттуу, алды таш, үстү жагы жыгачтан), Форарльбергде алеман тибиндеги (жыгачтан), айрым жерлерде топурактан согулган, үстү саман м-н жабылган үйлөрдү

Тиролдук карыя.

курушкан. Улуттук кийими ‒ желети м-н ак көйнөк, эркектер кыска булгаары шым, куштун канаты тагылган шляпа, аялдар бүйүрмөлүү юбка кийишет. А. негизинен сүт азыктарын, о. эле ун азыктарын пайдаланышат.