АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТТЕГИ ЖАНАР ТОО – азыркы мезгилде дайыма же мезгил-мезгил менен жердин түпкүрүнөн ысык газдын, күлдүн, буунун, лаванын жана тоо тек сыныктарынын жер бетине бүркүлүп чыгып турушу. О. эле атылып чыккандыгы дарексиз, бирок андан ысык газ жана суу чыгып турган жерлер да А. ж т-го кирет. А. ж. т-лордун көбү Тынч океандын жээктеринде жана аралдарында, Ява догоосунда жайгашкан. Мис., Везувий, Ключевая Сопка, Котопахи, Этна ж. б.