АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:10, 24 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАА ТУМШУК СЫМАЛДАР (Pristiformes) - кемирчектүү балыктар түркүмү. Денеси узун, нык, көкүрөк сүзгүчтөрүнүн четтери башы менен биригип өскөн. Узундугу 6 мге жетет, салмагы 2400 кг, катран сымал акулаларга тектеш. Башка балыктардан аналдык сүзгүчү жоктугу менен айырмаланат. Тумшугу узун, капталдарында сүйрү жана тыгыз, араа сымал чоң тиштери бар. А-дын 1 тукуму, 1 уруусу, 7 түрү бар. Тынч жана Индия океандарында жашайт. Суу түбүндө жай жүрүүчү майда бентос жаныбарлар менен азыктанат. Аларды узун тумшугу менен суу түбүндөгү катуу жерден казып алат. А-дын ургаачысы 12ге чейин жумуртка-тирүү тууйт. Жергиликтуу элдин промысел объектиси.