АПААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:21, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПААТ, алаамат – адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу табият кубулуштары ж-a кырсыктары. Аларга жер титирөө, жана тоолордун атылышы, суу ташкыны, сел жүрүү, кургакчылык, бороон-чапкын, цунами, катуу шамалдар (торнадо, куюн) ж. б. кирет. Негизинен жер шарында болжолдуу 70ке жакын, ал эми Кыргызстаннда 20дай табигый кырсыктар катталган. А. көбүнчө капысынан болуп, адамзатка ж-a чарбага көп залал келтирет.