АНТАНТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:50, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНТАНТА (фр. Entente cordiale – «ыкластуу макулдук») – Улуу Британия, Франция жана падышалык Россиянын Германия башында турган Үчтүктөр союзуна (Германия, Италия, Австрия-Венгрия) жана Осмон империясына каршы багытталган союзу; 1891–93-ж. француз-орус, 1904-ж. англис-француз, 1907-ж. англис-орус макулдашууларынын негизинде бекемделген. Союзду бекемдөө үчүн Россия, Англия, Франция 1914-ж. сентябрда Лондондо сепараттык тынчтык түзбөө жөнүндөгү келишимге кол коюшкан, 1915-ж. ага Япония кошулган. Антанта союзу 1914–18-жылдагы 1-дүйнөлүк согуш учурунда германиялык коалицияга каршы 20дан ашуун - АКШ, Англия, Бельгия, Франция, Бразилия, Япония, Гватемала, Гондурас, Грекия, Италия ж. б. мамлекеттерди бириктирген. Антантага жана Үчтүктөр союзуна кирген негизги мамлекеттер дүйнөнү кайра бөлүштүрүүнүн империалисттик программасын иштеп чыгышкан. Россияда Октябрь революциясы жеңген соң, Совет бийлиги тынчтык жөнүндөгү Декретти кабыл алуу жана сепараттык Брест тынчтык келишимине кол коюу менен согуштан чыгып кеткен.