АНЖИЯН ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:21, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНЖИЯН ОБЛУСУ Өзбекстан Респ-сында. 1941-ж. 6-мартта уюшулган. Фергана өрөөнүнүн чыгышынан орун алган. Аянты 4,2 миң км2. Калкы 3,0 млн (2018), шаар калкы 32%. Облуста 14 адм. район, 11 шаар, 5 шаарча бар. Борбору -Анжиян ш. Облустун борб. бөлүгү түздүк, чыгышы улам бийиктеп, адырлуу (Алай жана Фергана кырка тоолорунун этеги) келет. Облус геол. активдүү зонада жайгашкандыктан, катуу жер титирөөлөр болуп турат. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –3°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 200 0 ммдей. Башкы суусу – Кара-Дарыя (Сыр-Дарыянын куймасы). Өзбекстандын башка облустарына караганда суу ресурстарына бай. Боз, шалбаа жана саздак топурактуу. Айдалбаган жеринде шыбак өсөт. Калкынын көбү өзбектер, о. эле орус, кыргыз, татар, уйгур ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы 1 км2 жерге 517 киши. Нефть жана газ казып алынат. Нефть жана хим. (Анжиян), жеңил (анын ичинде пахта тазалоо), тамак-аш (май, консерва) өнөр жайы бар. Хожабат – Анжиян – Асака газ кууру, Анжиян суу сактагычы курулган. Асака ш-нда машина куруу (жеңил) з-ду иштейт. Сугат дыйканчылыгы (Чоң Фергана, Түш. Фергана, Чоң Анжиян, Анжиян каналдары бар) өнүккөн. Айдоо аянтынын 3/4үнө пахта эгилет. Жашылча-бакча өсүмдүктөрү, жемиш бактары өстүрүлүп, жүзүмчүлүк, жибекчилик өнүккөн. Тоют базасы жетишпегендиктен мал чарбасы начар өнүгүп, малы Кырг-ндын жайыттарында (уй, кой) асыралат.т.