АСТАТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:44, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТАТ (Аstatium), а с т а т и н, At ‒ элементтердин мезгилдик системасынын VII тобундагы радиоактивдүү хим. элемент, галогендерге кирет. Ат. н. 85, туруктуу изотобу жок, туруктуурагы At2101/2=54 с). Висмутка a-нурун таасир этүүдөн радиоактивдүү изотоптору алынат. Биринчи жолу 1940-ж. Э. Сегре, Т. Корсон, У. Мак-Кензи 211At изотобун алган. A. ‒ катуу зат, б. эрүү t 244°С, кайноо t 309°С. Хим. касиеттери жагынан полонийге, йодго да окшош, б. а. металлдык жана металлоиддик касиетке ээ. Галогендер сыяктуу эрибеген тузу AgAt жана йод сыяктуу AgIO3 беш валенттүү абалга AgAtO3 чейин кычкылданат. Вакуумда жана кадимки шартта оӊой бууланат. А. электролизде катодго тартылат. Металлдарга (Ag, Au, Pt) жакшы сиӊет. Бул касиети аны таза түрүндө бөлүп алууга мүмкүндүк берет.