АМСТЕРДАМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:46, 7 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Roza (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АМСТЕРДАМ (Amsterdam, алгач Amstellebamme Амстел д-ндагы плотина») – Нидерланд Королдугунун борбор шаары. Өлкөнүн маанилүү маданий очогу жана экон. борбору. Калкы 822 миң (2014;шаар айланасы менен 2,3 млн); калкынын саны б-ча өлкөдөгү ири шаар. Амстел д-нын чатында,Эйсселмер булуңунун жээгинде жайгашкан. Түндүк деңизи менен кеме жүрүүчү эки канал аркылуу байланышат. Деңиз порту (жылына 25 млн т жүк ташылат). Рейн д. менен чаты канал аркылуу туташат. Ири жолдор тоому. Темир жолдор түйүнү. Схипхол эл аралык аэропорту (Европадагы эң ири) бар. Метрополитен иштейт.Шаар алгач 1275-жылдан эскерилет. 15-к-да ири соода борбору болгон. 16-к-дын аягында 17-к-дын башында биржа жана ошол кездеги ири европалык банктар уюшулуп, дүйнөлүк маанидеги соода жана кредит борборуна айланган. 16-17-к-да Португалия жана Германиядан (еврейлер) жана Франциядан (гугеноттор) иммигранттар келишкен. 1795-жылдан Батав Респ-нын, кийинчерээк Нидерланд Королдугунун борбору болгон.
А. – Европадагы туризмдин ири борборлорунун бири. Шаардын жаңы бөлүгүндө Дам аянтында Корол сарайы (1648–55), соңку готика стилиндеги Ньивекерк чиркөөсү (1490-ж. чен), Улуттук монумент (1954–56) жайгашкан. Эски бөлүгүндө 50–62) бар. О. кылымдагы Синт-Антонспорт шаар дарбаза курулушу (1488; 1987-ж. чейин еврейлер музейи), 15–17-к-дагы мунаралар, готика стилиндеги Эски (13-к.) жана Жаңы (15–16-к.), Түн. жана Чыгыш чиркөөлөрү (экөө тең 17-к.) сакталган.
Шаарда ИА, 2 ун-т, консерватория (1884),театралдык ин-т, ири китепканалар, музейлер (анын ичинде Ван Гогдун музейи), Рембранттын үй-музейи, филармония бар. А. – көөнө музыкалардын кайрадан жаралуу борборлорунун бири.Голландия музыкасы (1947, жайында), эл аралык даректүү жана балдар киносу ж. б. фестивалдары өткөрүлөт. Машина куруу (авиация,кеме куруу, электр техника, электроника), хим. (полимер, пластмасса, жасалма каучук, жер семирткич, фармацевтика ж. б.), нефть ажыратуу, полиграфия, тамак-аш – татымал (какао, кофе,кокос майы ж. б.) өнөр жайы бар. IX Олимпиада оюндары (1928) өткөрүлгөн. Салт болуп калган ювелир өндүрүшү, алмазды кырдоо өнүккөн.