АЛА-БУКА суусу

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 ‒ Ала-Бука р-нундагы суу, Касан-Сай суусунун сол куймасы. Уз. 58 км, алабынын аянты 225 км2. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш капталындагы мөӊгүлөрдөн башталат. Мартта кирип, августта тартылат. Жылдык орт. чыгымы 2,75 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Ала-Бука кыш. жайгашкан.