АЛЫШБАЕВ Жумагул
АЛЫШБАЕВ Жумагул (1922, Ысык-Көл обл.,р-ну, Кереге-Таш айылы – 15. 8. 1969, Фрунзе) – экономист, экономика илимд. доктору (1966), проф. (1967), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1964). Пржевальск пед. окуу жайын бүткөн (1939). Кочкор р-нунда орто мектепте мугалим, окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1939-45-ж. Сов. Армияда кызмат өтөп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. 1945- 47-ж. Кырг-н JIKCM Талас обкомунун секретары, Кырг-н JIKCM БКнын секретары. 1947-53-ж. Москвадагы Жогорку партиялык мектепте жана КПСС БКнын алдындагы коомдук академиянын аспирантурасында окуган. 1953-54-ж. Кырг-н
КП БКнын алдындагы респ. парт, мектепте директор, Кыргыз ССР ИАнын вице-президенти (1956-58), Кыргыз ССР ИАнын экономика ин-тунда сектор башчы (1958-68), КСЭнин Башкы
редакторунун орун басары
(1968-69) болуп иштеген. А.
конкреттүү экономиканын
айрым тармактары, экономика теориясы б-ча адис катары 200дөн ашуун ил. эмгек жазган. Эмгектеринде
Кырг-нда өнөр жай курулушу ж-дөгү маселелер каралып, өнөр жайынын рационалдуу өнүгүү багыты, ыңгайлуу жайгаштыруу жолдору далилденген. Кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедия – КСЭни даярдап чыгаруу үчүн
түзүлгөн Башкы редакцияны уюштурууга жана
болочок энциклопедиянын сөздүгүн түзүүгө зор
эмгек жумшаган. Кызыл Жылдыз, эки II даражадагы Ата Мекендик Согуш ордени, Эмгек
Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана
медалдар менен сыйланган. Ысмы туулуп-өскөн
айылындагы орто мектепке берилген.
Эмг.: Перспективы и проблемы развития тяжёлой
промышленности в Киргизии. Ф., 1965; Экономикалык илимдердин милдеттери жана анын кээ бир
актуалдуу маселелери жөнүндө, Ф., 1969.