АЛИМ-ТӨБӨ
Jump to navigation
Jump to search
АЛИМ-ТӨБӨ ‒ Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыштак. Нариман айыл аймагына караштуу. Райондун борбору жана темир жол бекети Кара-Суу шаарынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Деӊиз деӊгээлинен 870 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1987 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.