АЛЕУТТАР
АЛЕУТТАР (өздөрүн у н а н г а н, у н а н г а с деп аташат) ‒ Алеут а-нын (АКШ) жерг. калкы. Аляска ж. а-нын түш. батышында, Россиянын Командор а-нда да жашашат. АКШда 2300, РФте 482 киши (2010).
Алеут тилинде сүйлөшөт. А-дын ата-бабалары болжол менен 10‒12 миӊ жыл илгери Аляскадагы өздөрүнө тектеш эскимостордон бөлүнүп келип, Алеут а-на отурукташкан. Алеут а. орустар тарабынан ачылгандыгы жана андагы жерг. тургундарды А. деп аташкандыгы тууралуу маалыматтар 1747-ж. документтерде кездешет. 1799‒1867-ж. Алеут а-н орус-америка компаниялары биргелешип башкарып турган. 1867-ж. Россия тарабынан Алеут а. жана Аляска ж. а. АКШга сатылган. Европалыктар келгенге чейин (18-к.) А. деӊиз жаныбарларына (деӊиз мышыгы, суу жолборс ж. б.) аӊчылык кылышкан, балык уулашкан, мөмө жыйнашкан. Жыгачтан, таштан, сөөктөн жасалган эмгек куралдарды колдонушкан. Алар негизинен деӊиз мышыгынын терисинен жасалган парка (туюк тон), камлейка (туюк жака, капюшондуу), деӊиз айбандарынын терисинен тигилген торбаса (бут кийим) кийишкен. Деӊиз жаныбарларынын, канаттуулардын, балыктын эти менен тамактанышкан. 1932-ж. Россияда Камчатка обл-нда Алеут улуттук р-ну, 1970-ж. АКШда чарба иштерин жөнгө сала турган Алеут аймактык корпорациясы түзүлгөн. Азыркы мезгилде чар
бачылыктын жаӊы тармактары: айбанаттар (норка) чарбасы, мал чарбачылык, бакчачылык өнүгүп жатат.