АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК
АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК ‒ өлчөмү 1ге барабар болгон алгебралык көп түспөлдүүлүк . Эӊ жөнөкөй анын ичинде с. катары жалпак аффиндик ийри сызыкты түшүнсөк болот. Жалпак аффиндик анын ичинде с. аффиндик тегиздигинде f(x,y) теӊдемесин канааттандырган чекиттердин көптүгү. Мында f(x,y) коэфф-тери алг. туюк k-талаасында жаткан көп мүчө. Аффиндик ийри сызыктарды изилдөөдө топологиялык ыкмаларды колдонобуз, б. а. аффиндик ийри сызыкты Pn проективдик мейкиндигине туюктоо менен камтып, аны Зарисскийдин топологиясы менен жабдыйбыз. Бул учурда проективдик X ийриси пайда болот жана баштапкы аффиндик Ю ийри сызыгы Xтен чектүү сандагы чекиттерди алып салуу менен алынат. Ошентип аффиндик ийри сызыкты изилдөө проективдик ийри сызыкты изилдөөгө алып келет. Ад.: Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972; Уокер Р. Алгебраические кривые. М., 1952; Мамфорд Д. Лекции о кривых на алгебраической поверхности. М., 1968.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.