АКУЦИОНОК
Jump to navigation
Jump to search
АКУЦИОНОК Петр Антонович (24. 4. 1922, Белоруссия, Витебск обл., Шумилино шаарчасы ‒ 1943, Гомель облусу, Лоев шаарчасы) ‒ Советтер Союзунун Баатыры (1943). 1941-жылы Белоруссиядан Кыргызстанга эвакуацияланган завод менен кошо келген. Таш-Көмүрдөгү шахтада иштеген. 1942-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылган. 685-аткычтар взводунун командири (Борбордук фронт, 65-армия, 193-аткычтар дивизиясы) болгон.
Днепр операциясына катышып, эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген ардактуу наамга ээ болгон (өлгөндөн кийин). Лоев шаарчасындагы көчө, Шумилинодогу көчө жана мектеп анын ысмы менен аталат. Ленин ордени менен сыйланган.