АКСИОЛОГИЯ
[АКСИОЛО́ГИЯ]
АКСИОЛОГИЯ (гр. аxios ‒ баалуулук, logos ‒ окуу) ‒ баалуулуктардын табияты, алардын реалдуу турмуштагы орду жана баалуулуктар дүйнөсүнүн түзүлүш курамы тууралуу филос. окуу, ар кыл баалуулуктардын маданий жана социал. факторлору, адам топтору менен байланышы ж-дөгү илим. Терминди илимге 20-к-да француз философу П. Лапи киргизген. Баалуулук ил. түшүнүк катары И. Канттын философиясында кездешет. Азыркы учурда баалуулуктар курчап турган дүйнөнүн объекттерин, алардын адам, коом үчүн оӊ жана терс маани-маӊызын ачып көрсөтүүчү өзгөчө ил. тармак болуп саналат. Илимий баалуулуктар менен адамгерчилик баалуулуктары кээде бири-бирине шайкеш келишпей калган учурлары да болот. Мис., атом бомбасын ойлоп чыгаруу ‒ ири ил. баалуулук, бирок анын колдонуу фактысы гумандуу баалуулук болбойт, адамгерчиликке жатпайт.
Т. Эсенгелдиев.