АК-ШЫЙРАК КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
21:27, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 revision imported) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

, Ч а а р - Т а ш Ички Теӊир-Тоодо; Фергана тоо тизмегинин борб. бөлүгүнө жанаша жатат. Түндүгү м-н батышынан Тогуз-Торо, чыгышынан Орто-Нарын өрөөндөрү м-н чектешет. Түш.-батыштан чыгышты карай 40 кмге созулат; туурасы 10 км. Батышта Кылдоонун бели (Ой-Кайыӊ) аркылуу Фергана тоо тизмегине кошулат. Ой-Кайыӊ суусу тоону кесип агып, антецедент өрөөнүн пайда кылган. Орт. бийикт. 3400 м, эӊ бийик жери 4786 м. Гранит ж-а акиташ тоотектеринен түзүлгөн. Чыгышында (Алабуга суусунун чатында) неогендин чополуу тоотегине «чөгүп» кетет. Борб. бөлүгү бийик, түн. бети тик ж-а аскалуу. үстү ж-а түш. капталы жылмаланган, жайдак. А. к. структурасы б-ча ‒ горст-антиклиналь. Чыгыш ж-а батыш тараптары кургак талаа (2400‒3400 м), түн. бети (Көл, Беш-Көл) карагайлуу. Ой-Кайыӊ ж-а Оорук-Там тулаӊ, бадалдуу (четин, карагат, бөрү карагат, ит мурун, табылгы), түш. жаккы өрөөндөрүндө шалбаа чөптөрү өсөт (2500‒2800 м). Жайыт.