АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:17, 22 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ (1980‑жылдан Кыргыз ССР ИАнын академиги М. М. Адышевдин ысмында) Ош обл‑нун түн.-чыгы­шында, Тар жана Гүлчө сууларынын аралыгы­нан орун алган. Терек тоосунан Төө‑Жайлоо ашуусу аркылуу бөлүнүп, түн.-батышда 110 кмге созулат. Эң жазы жери 50 км. Орт. бийикт. 3260 м, эң бийик жери 4785 м (Академик Ады­шев атн. чоку; түш.-чыгыш бөлүгүндө). Түн.-ба­тышка карай басаңдайт. Структурасы герцин бүктөлүү мезгилинде түзүлүп, меридиан багытын­дагы көптөгөн тектон. жаракалар менен тилме­ленген. Ири тармактары: Кызыл‑Агын, Жыла­ңач‑Таш, Көк‑Булак, Кара‑Сороң, Алдаяр ж. б. Кар, муз каптаган шиш чокулуу, түш.-чыгышы­на бийик тоолуу гляциалдык же альп, орто жана түн.-батышына денудация‑эрозиялык, тоо этектерине түрмөктөлгөн жантайыңкы аккуму­ляция рельефи мүнөздүү. Байыркы муз каптоо­нун издери түш.-чыгыш бөлүгүндө көп кездешет. Түш.-чыгышындагы бийик бөлүгү–- девон жана силурдун сланец, кумдук, конгломерат; орто

АКАДЕМИК АДЫШЕВ КЫРКА ТООСУ31.png

бөлүгү – бор, юра, палеогендин филлит, сери­циттүү сланец, кумдук; жапызыраак түн.-баты­шы палеоген менен антропогендин кум, чопо, кон­гломерат тоо тектеринен турат. Бийик чокулар­да асылма мөңгүлөр кездешет. Кырка тоого жа­пыз тоолуу‑талаа, орто бийик тоолуу шалбаа­луу‑талаа, шалбаа, бадалдуу токой, бийик тоо­луу субальп, альп, гляциалдык‑нивалдык ландшафт алкактары мүнөздүү. Жайыт катары пайдаланылат.