АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АКСИОМАТИКА ЫКМАСЫ ‒ кандайдыр бир ил. теорияны түзүү ыкмасы. Бул ыкманын негизинде теориянын аксиомалары деп аталган теориянын негизги баштапкы жоболорунун жардамы менен анын калган сүйлөмдөрүнүн бардыгы аксиомалардын логикалык жыйынтыгы катары алынат. Ал адегенде Евклиддин «Башталыштарында» (б. з. ч. 300-ж.) геометрия негизделгенде жарык көргөн. Н. И. Лобачевский жана Я. Больяйдын 19-к-дын башында Евклиддик эмес геометрияны ачышы анын өнүгүшүнө түрткү берген. А. ы-нын негизинде элементардык геометриянын логикалык модели тургузулган (М. Паша, Дж. Пеано, Д. Гильберт). Анын жаӊы деӊгээлдеги өнүгүшү Д. Гильберт негиздеген математиканын негиздериндеги формализм методуна таянган, ал топологияга да таркаган. А. ы. каалагандай көптүктө топологиянын аксиоматикалык аныкталышы, топологиялык мейкиндиктин өлчөмү dim, ind, lnd‒ аксиоматикалык аныкталыштары ж. б. Ад.: Александров П.С., Пасынков Б. А. Введение в теорию размерности. М., 1973.

А. А. Чекеев.