АК-КОЙЛУУ
АК-КОЙЛУУ (түрк. – Ак‑Коюнлу) – 14–15‑к‑да Тигр д‑нын баш жагындагы жерлерди мекендеген огуз‑түрк урууларынын бирикмеси жана ошол бирикменин башында турган династиянын аталышы. А.-к‑лар тууралуу алгач 1340‑ж. Византия хроникаларында эскерилет. Узун‑Хасандын тушунда (1453‑78) Кара‑Койлуулар мамлекетин талкалап (1468), Арменияны, Азербайжанды, Батыш Иранды, Иракты басып алып, борб. Тебриз ш. болгон мамлекет түзгөн. А.-К. мамлекетинин эл аралык саясатта кадыр‑баркы жогорулап, 1463‑ж. Венеция, Рим папасы жана Венгрия А.-К. менен Осмон империясына каршы союз түзүшкөн. 15‑к‑дын аягында өлкөнүн ичиндеги жер ээлеринин өз ара согуштары, элдин нааразылыгы А.-К. мамлекетин начарлаткан. 16‑кдын башында Исмаил Сефеви башында турган кызыл баштар (көчмөн түрк уруулары) А.-К. мамлекетин талкалап, каратып алышкан жана Исмаилди шах көтөрүшүп, Сефевиддер мамлекетин негиздешкен.