АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН СИСТЕМА
Jump to navigation
Jump to search
АЙКАЛЫШТЫРЫЛГАН СИСТЕМА к у р улуш механикасында‑ар түрдүү
көтөрүү констр‑ларынын биримдиги (мис., устун менен асма констр‑лар, жаа өткөөл менен устун жана асмалар). А. с. адатта констр‑лык элементтердин бир бөлүгү. Ал негизинен ийилүүгө жана туурасынан кеткен күчкө, экинчиси чоюулууга жана кысылууга каршы турат. Ошондуктан бир системанын кемчиликтерин аныкталган таасын шартта башкаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен толуктап турат. А. с‑га кары менен ферманын, арка менен ферманын, асма констр. менен карынын, кары менен арканын айкалышынан түзүлгөн констр‑лар кирет. А. с‑нын кысуучу жана ийүүчү күч келүүчү элементтери темирбетондон, ал эми чоюлуучу элементтери өрүлгөн болот зым аркандан жасалат.