АГРОНОМИЯ
АГРОНОМИЯ (агро… жана гр. nomos ‒ мыйзам) ‒ а. ч. өсүмдүктөрүн өстүрүү жана талаачылык, жерди натыйжалуу пайдалануу, топурактын күрдүүлүгүн жана өсүмдүктүн түшүмдүүлүгүн арттыруу ж-дөгү илимдер комплекси. Табият таануу илимдеринин, тех. прогресстин жетишкендиктери, коомдун а. ч. азыктарына болгон талабы, дыйканчылык маданиятынын жогорулашы А-нын чечүүчү маселелерин кеӊитип, А. тармактарынын (дыйканчылык, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, селекция, агрохимия, агрофизика, үрөнчүлүк , фитопатология, энтомология, а. ч. экономикасы жана аны уюштуруу ж. б.) пайда болушуна алып келди. А. азыр а. ч. өсүмдүгүн өстүрүү жана андан мол түшүм алуу жолдорун кеӊири изилдөөчү комплекстүү илимге айланды. А. жалпы биология, өсүмдүк физиологиясы, топурак таануу, а. ч. метеорологиясы, генетика, микробиология, биохимия ж. б. табият илимдерине таянуу менен түрдүү ыкмаларды (хим., физиол., радиоактивдүү изотоптуу биофизика ж. б.) колдонуп, эксперименттик маалыматтарды алат, лабор., вегетациялык жана талаа тажрыйбаларын жүргүзөт. А. байыркы илимдердин катарына кирет. Алгач дыйканчылык б-ча тажрыйбалар укумдан тукумга оозеки өтүп келген. Бул илим байыркы чыгыш өлкөлөрүнөн (Египет, Месопотамия, Индия, Кытай) Байыркы Грекия жана Римге тараган. Дыйканчылык тажрыйбалары Аристотель, Вергилия, Колумелла ж. б-дын эмгектеринде да чагылдырылып, ошол учурдагы жер семирткич, топурак иштетүү, отоо чөпкө каршы күрөшүү ж-дөгү түшүнүктөр жазылган. О. кылымдарда Батыш Европада дыӊ жер дыйканчылыгы буулантма дыйканчылыкка, ал эми 18-к-дын 2-жарымында буулантма дыйканчылык системасы үрөн алмаштыруу системасына өткөн. Шаар калкынын өсүшү жана ил.-тех. прогресстин натыйжасында, Батыш Европа өлкөлөрүндө А. ургаалдуу өнүгө баштаган. Нем. окумуштуу Ю. Либихтин өсүмдүктүн азыктанышы ж-дөгү жаӊы теорияны ачышы (бирок ал өсүмдүктүн азот менен азыктанышына анча маани берген эмес) агрохимиянын өнүгүшүнө чоӊ көмөк болгон. О. эле Г. Гельригелдин чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоздун тажрыйбада далилдеши А-нын өнүгүшүнө чоӊ салым кошкон (1886). Анын андан ары өөрчүшү 19-к-дагы энергиянын сакталуу закону, тирүү материянын клеткалык түзүлүш теориясы, Г. Менделдин тукум куугучтук теориясы (1865), Ч. Дарвиндин орг. дүйнөнүн эволюциясы ж-дөгү окуусу ж. б. ачылыштарга түрткү болгон. Россияда ил. А-нын калыптанышы 18-к-дын ортосуна туура келет, топурак, анын пайда болушу жана өрчүшү ж-дөгү илимди, о. эле топурактагы процесстерге өсүмдүк, микроорганизмдердин, адамдын чарбалык иш-аракетинин тийгизген таасирин, кара топурактуу талаанын күрдүүлүгүн жогорулатуу жолдорун ачууда В. В. Докучаев, П. А. Костычев ж. б-дын салымы чоӊ. Өсүмдүк, топурак жана жер семирткичтин өз ара таасир этүү механизмин изилдөө жана анын негизинде а. ч. өсүмдүгүн өстүрүү жолдорун иштеп чыгууда Д. Н. Прянишниковдун, өсүмдүктүн тамыр аркылуу жана абадан азыктануу теориясын ачууда К. А. Тимирязев нитрификация процессин пайда кылуучу бактерияны жана атм-дан азот сиӊирип алуучу микроорганизмдерди изилдөөдө С. Н. Виноградский чоӊ салым кошкон. 20‒21-к-дарда ил.-тех. прогресстин ургаалдуу өсүшү жана эл аралык байланыштын кеӊейиши бүткүл дүйнө б-ча А-нын тез өнүгүшүнө алып келди. Табият таануу тармагындагы көптөгөн ачылыштар А-да биотехнологияны (анын ичинде генетикалык жана клеткалык инженерияны) пайдаланып, анын жардамы менен өсүмдүктүн түшүмдүү, илдетке туруктуу жаӊы сортун алууга мүмүкүндүк түзүлдү. Кыргызстанда А. б-ча ил. иштерди Кыргыз мамлекеттик агрардык ун-ти, Кыргызстан дыйканчылык ил. өндүрүш бирикмеси, Кыргызстан топурак таануу жа а. ч-ны химиялаштыруу ил.-из. инту, Кыргызстан тоют ж-а жайыт ил.-из. технология ин-ту ж. б. жүргүзөт.
Ад.: Гаврилов А. М. Введение в агрономию. М., 1980. Каштанов А. Н., Лисецкий Ф. Н., Швебс Г. И. Основы ландшафтного ‒ экономического земледелия. М., 1994; Мамытов А. М. Почвенные ресурсы и вопросы земельного кадастра Киргизской ССР. Изд. 3. Б., 1996.
Н.А. Карабаев.