АГЛОПОРИТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:46, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АГЛОПОРИТ ‒ жеӊил бетон үчүн майда көӊдөйчөлүү жасалма толтургуч. Ал чополуу тектерди (куймалуу чопо, чополуу кум, лесс сымал чопо) жана сланецтүү көмүрдү казуудан, ылгоодон, күйгүзүүдөн калган таштандыларды (күл, шлак) 1400‒1500°С темп-рада иштетүү аркылуу алынат. Мында көзөнөкчөлүү жеӊил катмар пайда болот жана ал муздаганда майдаланып, шагыл менен кумга айланат. А-тен үйдүн негизги жөнөкөй тосмолору, жылуулук өткөрбөөчү толтургучтар үчүн констр-лар жана констр.-жылуулук өткөрбөөчү бетон (анын орточо бышыктыгы 20‒30 МПа) даярдалат.