АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:55, 19 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АВТОМАТТЫК БАШКАРУУ СИСТЕМАСЫ ‒ автоматтык (өз алдынча) тартипте объектинин физ. чоӊдуктарын көрсөтүлгөн программада өзгөртүүчү тех. түзүлмөлөр тутуму. Анда ар кандай башкаруу маселелери коюлат. Алардын эӊ жөнөкөйү ‒ автоматтык турукташтыруу. Анын мындан тышкары ээрчиме жана программалык башкаруу ж. б. түрлөрү бар. Турукташтыруучу башкарууда объектинин айрым физ. чоӊдуктары (мис., басым, темп-ра, ылдамдык ж. б.) берилген көрсөткүчтө кармалып турат. Учуучу аппараттарды (самолет, ракета ж. б.) автоматтык башкарууда траекториялык, терминалдык (чекиттик) жана автоматтык кондурууну башкаруулар орун алат. Системалар коюлган маселеге, шартка карата аныкталган, оптималдуу, ылайыкташкан (адаптивдүү) түрүндө курулат. Системада колдонулуучу сигналдын түрүнө карата үзгүлтүксүз, импульстук, санариптик (цифралык) деп бөлүнөт. Азыркы учурда көп мындай системалар микропроцессор техникасынын жана микроЭЭМдин негизинде курулат.

Ж. И. Батырканов.