АСКИЗ МАДАНИЯТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКИЗ МАДАНИЯТЫ ‒ хакастардын о. кылымдардагы (10‒17-к.) археол. маданияты; Байыркы хакас мамлекетинин мезгилинде Иртыштан Байкалга, Ангарадан Монголияга чейинки аймакка тараган. Аскиз д-нын жээгиндеги байыркы көрүстөндөрдөн улам аталган. Эстеликтерди 1955-ж. археолог. Л. Р. Кызласов изилдеген. Тюхтят мад-ты (Кыргыз кагандыгы) А. мад-на негиз болгон. А. мад-нын эстеликтерине шаарлар, таштан курулган чеп ‒ коргонуучу жайлар, байыркы кыштактар, кыштан тургузулган манихей ибадатканасы (11‒12-к.), енисей жазуулары (орхон-енисей), өрттөп көмүлгөн адамдын сөөктөрү коюлган таш дөбө-мүрзөлөр ж. б. кирет, о. эле алтын, күмүш менен кооздолгон темир буюмдар мүнөздүү. 11-к-да А. мад-ты Чыгыш Европада, анын ичинде Орус мамлекетинде кол өнөрчүлөрдүн жана соодагерлердин факториясы катары белгилүү болгон. Хакастардын Россияга кошулушу (1598‒1718-ж.) жана христиандаштырылышы А. мад-тынын хакас мад-тына өзгөрүшүнө түрткү берген.