АСКЕТИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:42, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКЕТИЗМ (гр. asкetes ‒ көнүгүү) ‒ өз эрки менен күнүмдүк турмуш жыргалчылыктарынан баш тартуу же ашкере чектөө менен такыба жашоо. А. термини алгач атлеттердин спорттук көнүгүүлөрүн билдирсе, кийинчерээк бир катар диний жана филос. агымдардын концепцияларынын негизи болуп, ар кандай түрдө кездешет: тамак-ашты чектөө (орозо, пост ж. б.), үй-бүлө куруудан баш тартуу, так өтүү, целибат, жакырчылык, дербишчилик, өз денесине залал келтирүү ж. б. Алгачкы коомдо эле табияттан тышкары күчтөр, арбактар менен байланыш түзүү үчүн бакшылар тамак-аш, уйкудан ж. б. өздөрүн чектеп даярдык көргөн. А. айрым филос. мектептерге (мис., киниктер) жана диндерге (христианчылык, индуизм жана ислам) мүнөздүү. Муктаждыктардан бошонууга, экстаз абалында «табигаттан тышкары жөндөмдүүлүккө» жетишүү (йога), Христос чеккен «азапка» ортоктош болуу сыяктуу ар кандай аракеттер А-дин тышкы жана түпкү максаты болушу мүмкүн. А-дин олуттуу жүйөлөрүнүн бири катары (бай төбөлдөр үчүн) коомдук артыкчылыктардан пайдалануудан өз ыктыяры менен баш тартуу эсептелет.