АКУСТИКАЛЫК ЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:04, 25 Март (Жалган куран) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 — гармониялык эмес, ар башка жыштыктагы татаал түзүлүштүү үн. Жаратылышы б-ча А. ч. төрт түргө бөлүнөт: 1) м е х а н и к а л ы к  ч у у ‒ катуу нерселердин дирилдөөсүнөн; 2) а э р о- же г и д р о д и н а м и к а л ы к  ч у у ‒ кыймылдагы газдардын, буунун ж-а суюктук басымынын, ылдамдыгынын өзгөрүшүнөн; 3) т е р м и к а л ы к  ч у у ‒ жарылуунун же разряддын натыйжасында басымдын кескин чоӊоюп, жылуулуктун өтө тез бөлүнүп чыгышынан; 4) к а в и т а ц и я л ы к  ч у у ‒ суюктуктагы аба көбүкчөсүнүн жарылуусунан пайда болот.