АСКАРОВ Теңдик

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:40, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСКАРОВ Теңдик (18. 12. 1937-ж. т., Жалал-Абад обл., Токтогул р-ну, Кызыл-Өзгөрүш айылы - 5. 3. 2019, Бишкек) – сынчы, философ, коомдук ишмер, философия илимд. доктору (1993), KP УИАнын корр. мүчөсү (2000), 1960-ж. КМУнун филология ф-тин бүткөн. 1963–67-ж. Кыргыз РИАнын философия жана укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, окумуштуу секретары, 1967-ж. «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 1967–69-ж. Кырг-н КП БКда пропаганда жана агитация, 1969–71-ж. мад-т бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары, 1971–80-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун I-секретары, 1980–85-ж. Кыргыз CCP Жогорку Советинин председатели болгон. 1986-жылдан Кыргыз ИАнын философия жана укук ин-тунда сектор башчы, ил. кызматкер, бөлүм башчы. КРдин мад-тка эмг. сиң. ишмери (1995). А. чыг. ишин сынчы катары баштаган. Ал – кыргыз ад-тынын теориялык маселелерине байланыштуу макалалардын, китептердин, о. эле «Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык табияты» деген филос. эмгектин автору. Бул чыгарма учурунда философиянын ил. татаал жана дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы менен окумуштуулардын көңүлүн бурган. Кыргыз CCP Жогорку Советинин 4 жолку (1971–90) депутаты. Ал 400дөй ил. , ил-публицистикалык эмгектин (анын ичинде 16 монография, 1 окуу китеби, 4 сборник статья, 9 брошюра) автору. Эл

АСКАРОВ 91.png


достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.