АРАБ ДЕҢИЗИ
Jump to navigation
Jump to search
АРАБ ДЕҢИЗИ-- Инди океанында, Араб (батышында) жана Индстан (чыгышында) ж. а-нын аралыгында. Жибути, Йемен Элдик Демократия Республикасы, Оман, Бириккен Араб Эмирликтери, Иран, Пакистан, Индия жана Сомалинин жээктерин чулгайт. Аянты 4832 миң км2. Эң терең жери 5803 м. Жээктери бийик, аскалуу, айрым жери түздүк дельталуу. Ири булуңдары: Аден, Оман. Деңизге Инд д. куят. Суусунун орт. темп-расы 22°Сден 29°Сге чейин. Туздуулугу 35,8-36,5%о. Суткасына 2 жолу ташкындайт (бийикт. 5,1 jure чейин). Балык (тунец, кылыч балык ж. б.) кармалат. Негизги порттору: Бомбей (Индия), Карачи (Пакистан), Аден (ЙЭДР).