АГРОХИМИЯ
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
, а г р о н о м и я л ы к х и м и я ‒ топурак жа өсүмдүктөгү хим. процесстер, өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткич ж. б. хим. заттарды а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн колдонуу закон ченемдүүлүктөрү ждөгү илим. Ал а. ч-сын химиялаштыруунун ил. негизи. Анын негизги маселелери ‒ жер семирткичтердин бир кыйла натыйжалуу түрлөрүн табуу, аларды колдонуу ыкмаларын иштеп чыгуу, топуракка, тоютка массалык анализ жүргүзүү, жердин агрохимиялык картограммасын түзүү, дыйканчылык жа мал чарбасын химиялаштырууга жардам көрсөтүү. А. топурак таануу, дыйканчылык, метеорология, өсүмдүк физиологиясы жа биохимия сы, а. ч. микробиологиясы, физика, химия мн тыгыз байланыштуу. Бөлүмдөрү ‒ өсүмдүктүн азыктанышы, жер семирткичтердин айрым түрлөрүн колдонуунун натыйжалуугу жа аны колдонуу ыкмалары, топуракты хим. жол мн мелиорациялоо (акилештирүү, гипстештирүү), отоо чөпкө каршы күрөшүүдө хим. каражаттарды колдонуу ж-а аларды изилдөө. А. илимин негиздөөчүлөр ‒ Д. И. Менделеев, К. А. Тимирязев, А. Н. Энгельгардт, А. Е. Зайкевич. Кыргнда А-лык изилдөөлөр КАУда Кыргн дыйканчылык ил.-из. интунда, Республикалык топурак-агрохимия станциясында жүргүзүлөт.
Ад.: Петербургский А. В. Агрохимия и физиология растений. 2 изд. М., 1981.