АРХОНТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:37, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРХОНТ-- (гр. archon – башкаруучу, бийлөөчү) — байыркы грек полистериндеги жогорку бийлик кызматын ээлеген адам. Айрым уламыштар боюнча б. з. ч. 11-к-да Афиныда падышалык бийлик жоюлуп, анын ордуна падышалык кодриддер уруусунан чыккан өкүлдөр өмүр бою А. болуп дайындалышкан. Б. з. ч. 8-к-дан анын мөөнөтү 10 ж., ал эми 7-к-дан I жыл менен чектелген. I-А. эпоним (аткаруу бийлигинин башчысы), 2-А. басилей, 3-А. полемарх (аскер башчысы) деп аталган. Б. з. ч. 7-к-дын ортосунда дагы 6 А-тук кызмат киргизилип (сот бийлигин жүргүзгөн фесмофеттер), мамлекетти 9 адамдан турган А-тор коллегиясы башкарып калган. Б. з. ч. 5-к-дан А-тор коллегиясы маанисин жоготкон.