АЙНЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙНЕК – аморфтуу, морт, тунук материал. А. пайда кылуучу металл жана металл эместердин оксиддеринин балкып эриген эритиндисин муз­датуудан алынат. А‑тин физ., хим. касиеттери анын хим. курамына, кайнатуу жана формага келтирүү шартына, андан кийинки жылуулук, хим., мех. иштетилишине жараша болот. Анын бир нече түрү бар. Силикат А‑тин негизги ком­поненти – Si02. Көп компонентүү силикат А‑тин негизи NaaO‑CaO – Si02 системасынан жана А1203, MgO кошундусунан турат. В203 бораттык А‑тин’негизги компоненти. Na20 – В203 – Si02 жана Na20 – А1203 – Si02 системаларынын не­гизинде алынган бор‑силикаттык А‑терге караганда жогорку темп‑рага туруктуу А. – пи­рекс кеңири колдонулат. Фосфаттык А‑тин негизги компоненти – Р205. А. алынуучу матери­алдар – таза кварц куму, сода, шакар, натрий сульфаты, фосфор к‑талары, коалин, талаа шпаты, цинк оксиди ж. б. кошумча материал­дар – боёгуч жана жалтыратуучу заттар, оксид­дендиргичтер, өң бергичтер. А‑тин курамына NiO, Fe203, Ag, Се203 кошулса- сары; Сг 03, СиО – жашыл; СиО, СоО -көк; Fe203, FeS, Ti203, Bi2S – күрөң; Au, Си, CdS, CdSe – кошулса кыз­гылт, кызыл түскө ээ болот. А‑ти формага келтирүү үчүн пресстөө, үйлөтүү, чоюу, прокаттоо ыкмалары колдонулат. Кварц А‑ги 2000°Сден жогору темп‑рада табигый кварцты же синтез­дик Si02ни электр мештеринде эритүүдөн алынат. А. курулушта, түтүк даярдоодо, медицина­да, хим. лабор-да, ядролук реакторлор­до, оптика аспаптарын, рентген түтүктөрүн, ай­нек‑цемент, айнек‑эмаль, глазурь өндүрүүдө колдонулат.