АЛЫШ СЫМАП КЕНИ
Jump to navigation
Jump to search
АЛЫШ СЫМАП КЕНИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Үч-Коргон кыш-нан 8 км, Кызыл-Кыя ш-нан 15 км түш.-батышта, Алыш тоосунун түндүгүндө, деңиз деңг. 1200-1500 м бийиктикте жайгашкан. 1962-92-ж. мезгил-мезгили менен издөө жана чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы карбондун карбонат терригендик тектеринен түзүлгөн. Жалгыз минералдуу (киноварь) сымап кенташы акиташ жана аны жаап турган терриген тектеринин кошулган жериндеги жаспероид жана акиташ-жаспероид брекчия тулкуларына топтолгон. Кенташтагы сымаптын орт. өлчөмү 0,24%. Кенташтын Сг категориясы б-ча запасы 92,5 миң т сымаптыкы 222,2 т.