АРИОЗО

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:28, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРИОЗО (итал. arioso, aria – ария) – 1) арияга караганда көлөмү чакан, речитативден обонунун жөнөкөйлүгү жана мукамдуулугу менен айырмаланган операдагы, кантатадагы вокалдык композиция. 17-кылымда итал. операда (К. Монтеверди, М. А. Честинин) речитативдин обондуу бөлүгүн ариозо түзгөн. 19–20-кылымдын операларында ариозо анча чоң эмес ария, б. а. лирикалык ыр («Евгений Онегин» операсындагы Ленскийдин, П. И. Чайковскийдин «Карганын маткесинде» Лизанын ариозосу) кээде обондуу декламация мүнөзүндө болгон. К. Ариетта, Каватина; 2) атка­руучулукта кантилендик мүнөздөгү аткарууну жана ырдоону (ария сыяктуу) көрсөтүүчү белги.