АЛЖИР шаары

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:03, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЖИР (ар. Аль-Жазаир) ‒ Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын борбору. Алжир вилайетинин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Алжир булуӊунун батыш жээгинде, Атлас тоо системасындагы Телль-Атлас кырка тоосундагы Журжур тоосунун капталында жайгашкан. Калкы 2,3 млн (2010; Чоӊ Алжир агломерациясында 3,4 млн). Жер Ортолук деӊиздеги порт (жылына 23‒29 т жүк ташылат). Эл аралык аэропорт А.‒ өлкөнүн ири өнөр жай жана маданий борбору. Машина куруу, тамак-аш (шарап, май), текстиль, хим., нефть ажыратуу өнөр жайы иштейт. Метрополитен, ун-т, улуттук китепкана, архив (1971), музей (алгачкы коомдун тарыхы жана этнографиясы), театр, ботан. бак бар. Кинематографиянын улуттук борборунда 1985-жылдан театралдык фестивалдары өткөрүлүп турат. 10-к-да Икозиум тургун жайынын калдыгынын ордунда негизделген. 1830‒1962-ж. Франция ээлигинин адм. борбору болгон. Касба-чеби (Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) мунаралуу (1323). Чоӊ мечит (1096) мунаралары менен сакталган.