АРАКЕТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:19, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРАКЕТ, м е х а н и к а д а – системанын динамикасын толук аныктоочу физ. чоңдук. Меха­никада А. системанын абалын мүнөздөгөн өзгөрмө чоңдуктардын функциясы катары аныкталат. Система А-инин негизги касиети анын эки абалынын арасындагы системанын мүмкүн болгон кыймылынын кээ бир жыйнагы каралса, анда системанын чыныгы кыймылы мүмкүн болгон кыймылдан айырмаланат. Бул мех. системанын кыймылынын теңдемесин туюнтууга жана бул кыймылды үйрөнүүгө мүм­күндүк берет. А. түшүнүгү классикалык механикадан тышкары серпилгичтүүлүк теориясында, электр-динамикада, термод. кайтарылма процесстерде, кийинки учурда теориялык физиканын талаа теориясын түзүүдө физ. чондук ка­тары колдонулат. Ал эми динамикалык тендемелер болсо механиканын вариациялык принцибинен чыгарылат. Квант теориясында А-тин өлчөмдүүлүгү бар физ. чоңдуктар дискреттүү маанилерди гана алышы мүмкүн. Квант теория­сында системанын абалы гильберт мейкиндигинин векторлору менен берилет, ал эми динами­калык өзгөрмөлөр катары операторлор колдо­нулат.