АРАБ ЦИФРАЛАРЫ
Jump to navigation
Jump to search
АРАБ ЦИФРАЛАРЫ– матем. он белги: 0,1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9. А. ц-нын жардамы менен ондук эсептөө системасында каалагандай санды жазса болот. Бул цифралар алгач Индияда (5-к-га чейин) пайда болуп, Европага 10-13-к-дарда араб математиктеринин эмгектери аркылуу белгилүү болгондуктан А. ц. деп аталган.