АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:56, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АДМИНИСТРАЦИЯЛЫК-АЙМАКТЫК БӨЛҮНҮШ а й м а к т ы к ‑б а ш к а р у у б и р д и г и – мамлекеттердин аймактарын бөлүктөргө – облустарга, провинцияларга, гу­бернияларга, департаменттерге ж. б. ажыратуу; мамл. механизмди, айрыкча мамл. бийликтин жерг. органдарынын натыйжалуу иштөөсүн кам­сыз кылуу максатында уюштурулат. Ал мыйзам тарабынан жөнгө салынып, эң маанилүү жактары конституцияда бекитилет. А.-а. б‑тү түзүүдө экон. жана геогр. факторлор, социал., ком­муникациялык, маданий жана тарыхый салттар, о. эле этностук фактор да эске алынат. Мис., Финляндияда финн жана швед тилдеринде сүйлөгөн калктар жашаган губернияларда мүмкүн болушунча бир тилдүүлүк принциби сак­талган. А.-а. б‑төр бир звенолуу (Андорра, Литенштейн общиналары), эки звенолуу (Нидер­ланд провинциялары жана муниципалитетте­ри), үч звенолуу (Испаниянын автономиялык жамаатташтыгы жана ниципалитеттери), төрт звенолуу (Италия обл., метрополитен шаарла­ры, провинциялары жана коммуналары) сис­темаларга ажырайт. Чакан өлкөдө бир гана А.-а. б. болушу мүмкүн (мис., Монако князды­гы). Айрым өлкөлөрдө (Армения, Австрия, Болгария) А.-а. б‑төрүнүн бардыгында эле жерг. өзүн‑өзү башкаруу органдары түзүлө бербейт.ис., Болгарияда община – негизги адм.-айм. бирдик, анда жерг. өзүн‑өзү башкаруу ишке ашырылат; ал эми облус – региондук саясатты жүргүзүүчү, жер‑жерлерде мамл. башкарууну ишке ашыруучу, улуттук ж‑a жерг. кызыкчылык­тарды эске алып, тең салмактуулукту сактоочу адм.-айм. бирдик болуп саналат. Россияда адм.­айм. түзүлүшү РФтин субъектилеринин мыйзам­дары б‑ча жөнгө салынып, адм.-айм. бирдик­тери түрдүүчө аталат: край шаарлары, райондор, райондук шаарлар, шаар райондору, айыл кеңештери (бир нече айыл‑кыштакты камтыйт), посёлоктор (жумушчу, курорт, дача посёлок­тору). Кырг‑н төмөнкү адм.-айм. бирдиктерге бө­лүнөт: облус, район, айыл өкмөтү, шаар (шаар району кошо), шаарча (2012‑жылдын дээрлик бардыгы жоюлган) ж‑a айыл‑кыштак. Кыргыз Респ‑ндагы адм.-айм. өзгөрүүлөрдү киргизүү ма­селесин Жогорку Кеңеш чечип, Респ‑нын Президенти Жарлык (Указ) чыгарат. Адм.-айм. бир­диктердин чек араларын аныктоодо калктын пикири эске алынат.

. Ө Бараталиев.