АПТА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АПТА, ж у м а – жети суткага барабар убакыт мезгили. Ар бир күндүн өз аты бар. Жети күндүк А. биринчи жолу Байыркы Чыгышта колдонулган. Ал б. з. ч. 1-к-да Римде киргизилип, андан кийин Батыш Европага жайылган. А-нын күндөрү 7 асман нерсесине (телосуна) байланышын аталган. Мис., ишемби Сатур'н күнү, андан кийинкилери Кун, Ай, Марс, Меркурий, Юпитер, Чолпон күндөрү деп аталган. Кээ бир элде убакытты беш күндүк жана он күндүк А-га бөлүү ка­был алынган. Мис., Байыркы Египетте он күндүк (декада) А. болгон, мындай А. Франция рев-ясынын календарында да кезигет. А. күндөрү кыргызча төмөнкүдөй аталат: дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби, жекшемби.