АНТТАР
АНТТАР (лат. Antes, гр. Antai) – 6–7-к-дагы тарыхый булактарда эскерилген байыркы эл. Готтук (Кассиодор, Иордан), византиялык (Прокопий Кессарийский, Агафий Миринейский, Менандр Протиктор, Маврикий ж. б.) жана сириялык (Иоанн Эфесский) тарыхчылардын эмгектеринде эскерилет. Изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү А-ды славяндарга таандык деп эсептешет. «А» термининин этимологиясы дискуссиялуу бойдон калууда (түркчө ант – ант берүү, иранча анта – аягы, четки ж. б.). 6-к-га карата А. Днестр жана Днепр д-нын аралыгындагы, о. эле Днепрден чыгышты карай жайгашкан токойлуу-талаалуу аймактарды мекендешкен. Жазма булактарда А-дын келип чыгышы, салттары жана тили б-ча тектеш склавиндер менен чогуу эскерилет. Алар жер айдап, мал багуу менен кесиптенишкен, отуруктуу калк болгон. Коомдук түзүлүшүндө аскердик демократия, патриархалдык кул ээлөөчүлүк орун алган. Византиялык император Юстиниан 1нин тушунда А. алгачкы жолу Византия империясынын аймагына кирип барышкан жана ушундан тарта А. тектеш склавиндер менен бирдикте Византиянын Балкандагы ээликтерине бат-бат жортуулдарды уюштуруп турушкан. 545-ж. император Юстиниан алар менен союздаштык келишим түзгөн. 6-к-дын ортосу – 7-к-дын башында А. аварлардын кол салуусуна дуушар болгон. 560-, 590-ж. Византия империясынын Авар каганатына каршы күрөшүндө А. зор жардам көрсөткөн. 6-к-дан баштап жазма булактарда А. эскерилбейт. Алардын тукумдары чыгыш славян, айрымдары түш. славян уруулук бирикмелеринин курамына кирген.
Ад.: Рыбаков Б. А., Анты и Киевская Русь. «Вестник древней истории», 1939, № 1; Седов В. В. Славяне в раннем средневековье. М., 1995.