АФРИКА ОЮНДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:57, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АФРИКА ОЮНДАРЫ ‒ Эл аралык Олимпиялык к-ттин колдоосу менен өтүүчү региондук оюндар. Африка элдеринин спорттук мелдештери. «Биримдик жана ынтымактык» деген ураан менен 1965-ж. уюштурулган Африкадагы Жогорку спорт кеӊеши өткөрөт. А. о-нын программасына баскетбол, волейбол, гандбол, бокс, күрөш, теннис, велоспорт, дзюдо, жеӊил атлетика, сууда сүзүү жана футбол кирет. А. о. 1965‒2003-ж. 8 жолу өткөрүлгөн: 1965 (Бразаввиль ш., Конго), 1973 (Лаос ш., Нигерия), 1978 (Алжир ш., Алжир), 1987 (Найроби ш., Кения), 1989 (Йокканс бург ш., ТАР), 1991 (Каир ш., Египет), 1995 (Хараре ш., Зимбабве), 2003 (Абуджа ш., Нигерия).