АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР
Jump to navigation
Jump to search
АНГЛИЯ-САКСОНДУК ЖЕҢИП АЛУУЛАР-5-к-дын ортосунан баштап эле түн. герман уруулары (англ, сакс, ют жана фриз) массалык түрдө Британиянын жээктерине барып отурукташып, ички райондоруна терендеп кире башташкан. Жерг. кельт уруулары багындырылып, калгандары Шотландия, Уэльске жана континентке (азыркы Бретань) сүрүп чыгарылган. 6-к-дын аягында герман уруулары Британиянын көпчүлүк аймактарын каратып, ал жерлерде бир нече англ-саксондук королдуктар (Кент, Уэссекс, Суссекс, Эссекс, Чыг. Англия, Нортумбрия, Мерсия) пайда болгон. Кийинчерээк бул уруулардын даниялыктар, норвегиялыктар жана франциялык келгиндер менен жуурулушуусунун негизинде англичан эли калыптанган.