АПЕЛЛЯЦИЯ
АПЕЛЛЯЦИЯ(лат. apellatio – кайрылуу) – мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек сот чечимдерин кайра кароо жолу; апелляциялык инстанция соту аркылуу ишти кайра кароо жана чечүү. А. Байыркы Римде император Юстиниандын (527–565) тушунда сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары пайда болгон. Ошол мезгилде эле А-лык даттануу жана аны кароо мөөнөтү белгиленген. Батыш Европада А-нын өнүгүшү борборлоштурулган мамлекеттердин пайда болушу менен тыгыз байланыштуу. Анда Рим укугунун ин-ттарынын рецепцияланышынын негизинде жарандык процесс калыптанган. Бара-бара Германия жана Францияда Рим жана улуттук укуктарынын жуурулушу менен даттануу системасы толугу менен түзүлгөн. Бул системанын негизги шарты катары сот чечимдерин кароонун А-лык тартиби эсептелип, Германиянын жарандык - процессуалдык кодексинде (1806; 1877), Франциянын кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде бекемделген. Россиянын жарандык процессинде А. 1917-ж. чейин аракетте болгон. Совет өлкөсүндө 1917-ж. 22-ноябрда жаңы элдик соттордун кадыр-баркын бекемдөөгө тескери таасирин тийгизет деген шылтоо менен жоюлган. 1992-ж. Арбитраждык процессуалдык кодекси аркылуу А-лык ин-т кайрадан калыбына келтирилген, к. Апелляциялык даттануу. Ж. Арзыкулов