АНАРХИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:52, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АНАРХИЗМ (гр. anarchia – бийликсиз) – мамлекетсиз коомдук түзүлүш ж-дөгү идея; мамлекетти эркин граждандардын ассоциациясы менен алмаштырууну максат кылган саясий кыймыл. 1793-ж. англ. жазуучу У. Годвин «Саясий акыйкаттыкты изилдөө» деген эмгегинде «Мамлекетсиз коом» деген түшүнүктү киргизген, 19-к-дын 40–70-ж-нда саясий кыймыл катары пайда болгон. А. – бир идеологиялык доктрина эмес, анын төрт негизги багыты бар: 1) индивидуалисттик; 2) мутуалисттик; 3) коллективисттик; 4) коммунисттик. Индивидуалисттик теорияны 1845-ж. М. Штернер «Теңдешсиз жана анын менчиги» китебинде жазган. Теориянын негизин адамдын чексиз эркиндик идеясы түзөт. Мутуализм багытын негиздөөчү – П. Ж. Прудон. Коомдогу социал. теңсиздиктин булагы калыс эмес товар алмашуу болгондуктан, анын ою б-ча соода системасында реформа жүргүзүү зарыл. Бул реформа инсандын мамлекетте көз каранды эместигине алып келет, мамлекет керексиз болуп, өзү жоголот. 19-к-дын 60-жылдары М. А. Бакунин иштеп чыккан коллективдик А. теориясы жумушчу табынын арасында кеңири тараган. Анын ою б-ча мамлекет элди эзүү куралы болгондуктан, аны рев-ячыл жол менен жок кылуу зарыл деген. Коммунисттик багыттын теоретиги П. А. Кропоткин «өз ара жардамдашуу» деген биосоциологиялык мыйзамды негиздеген. Адамдар бири менен бири күрөшкө умтулбастан, кызматташууга аракет кылат, мамл. бийликти, жеке менчикти жок кылуу менен гана эркин коммуналардын союзунун федерациясына өтүүгө болот.
А. Бекбосун кызы.