АТОМ ЯДРОСУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:53, 24 -ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
 АТОМ ЯДРОСУ ‒ атомдун протон ж-а нейтрондон (нуклондон) турган өтө оор борбор. бөлүгү (99,95%). Ядронун өлчөмү 10‒13 ‒10‒12 смге барабар. Ядро оӊ электр зарядына ээ, анын заряды абс. чоӊдугу б-ча электрондун зарядынын эселенген чоӊдугуна барабар: q=Яe, z ‒ элемент тердин мезгилдик системасындагы элементтин (атомдун) катар номерине дал келет, e ‒ электрондун заряды. А. я-н англ. физик Э. Резерфорд өзүнүн a ‒ бөлүкчөлөрдүн заттар аркылуу өткөндөгү тажрыйбасынын негизинде 1911-ж. ачкан ж-а атомдун ядролуу моделин сунуш кылган. А. я. нуклондордон турат ж-а алардын жалпы саны A (массалык сан) протондордун (Я) ж-а нейтрондордун N сандарынын суммасына барабар: А=Я+N. Ядродогу протондордун Я саны ушул атомдогу электрондордун санына (элементтин катар номерине) барабар болот. Ядродогу нейтрондордун саны массалык сан м-н  протондун сандарынын айырмасына (N=A ‒ Я) барабар. Протондордун саны Я бирдей, нейтрондордун саны N ар түрдүү болгон ядролор изотоптор, ал эми бирдей сандагы нейтрондор ж-а ар түрдүү сандагы протондордон түзүлгөн ядролор изотоптор деп аталат. А. я-нун R радиусу андагы нуклондордун A санына пропорциялаш R=1,2.10‒15A1/ 3 м аныкталат. Суутек (A=Я=1) атомунун ядросунун өлчөмү R=1,2.10‒15 мге барабар. Ал эми көп нуклондуу ядролордун өлчөмү  R »10‒14 м ди түзөт. А. я-нун тыгыздыгы өтө эле чоӊ »1017 кг/м3га барабар. А. я. андагы протондор ж-а нейтрондордун сандарынын катышына жараша турактуу ж-а туруксуз болот. Турактуулуктун формуласы төмөнкүчө аныкталат:   Эгерде ядродогу протондордун Я саны, бул формуладан эсептелген ЯТ м-н дал келсе (Я=ЯТ), мындай изотоптун ядросу турактуу болот (А ‒ нуклондордун саны). Эгерде изотоптордогу протондордун саны ЯТ дан чоӊ же кичине болсо, мындай ядролор турактуу болбой, радиоактивдүүлүккө мажбур болуп альфа, бета же гамма нурларын чыгарып, башка туруктуу ядролорду пайда кылышат (к. Радиоактивдүүлүк ). Оор ядролордо (A>100 нейтрондордун саны көп болсо) туруксуздуктун натыйжасында, мындай ядролор болжолдуу экиге ажырап, a, b, g нурларын жеӊил ядрого чыгаруу м-н туруктуу ядролорго айланат. Мындай кубулушту нем. окумуштуулары О. Ганн ж-а Ф. Штрасман байкашкан. Урандын U235 изотобу нейтрон м-н кошулганда, ядролук реакциянын негизинде, массалары салыштырмалуу бирдей эки бөлүккө ажырап жаӊы ядролор ж-а эки нейтрон бөлүнүп, натыйжада чоӊ энергия бөлүнүп чыгарын көрсөтүшкөн:
Сүр.2
. Мындай ар бир бөлүнүү реакцияларында эки нейтрондун пайда болушу, ядролордогу андан ары өзүн өзү колдоочу чынжырлуу реакцияларды алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул ачылыш ядролук реакторлорду куруп, ядролук энергияны алуунун негизи болуп калды.

Ад.: Зисман Г. И. Курс общей физики. Т. 3, М., 1972. А. Марипов.