БАЖЫ УКУГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ УКУГУ ‒ эл аралык укук мамилелери нин принциптерине негизделип, мамлекеттин чек арасы аркылуу жүктөрдү, документтерди жана транспорт каражаттарын алып өтүү, аларды контролдоп-текшерүү, товар ташуунун режимдерин, эрежелерин, өлчөмдөрүн, объектиле рин жана субъектилерин, чек ара чыгымдарын, андан бошотуу же жеӊилдетүү жолдорун ж. б. маселелерди жөнгө салуучу укук тармагы. Б. у. адм., финансылык, налогдук, банктык, кылмыш-жаза, эмгек ж. б. укук тармактары менен айкалышып аракеттенет. Б. у-нун негизги булактары ‒ эл аралык соода-сатык уюмдарынын конвенциялары, эл аралык соода-сатык экон. келишимдер, Бажы кодекси, мамлекеттин жогорку мыйзам чыгаруу жана аткаруучу органдарынын бажыга тиешелүү актылары эсептелет.
М. Керимбаев.