БАЖЫ ТАРИФИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:11, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЖЫ ТАРИФИ ‒ чет өлкөдөн кирүүчү жана сыртка чыгарылуучу улуттук товарлардан алынуучу алымдардын тизмесине кирген товарлар дын топтор б-ча системага салынышы. Б. т-нде адатта товардын аталышы, алым алынуучу то-

варлар, алым алынбаган товарлар жана алым чени жазылат. Б. т-нин түрлөрү: автономдук ‒ мамлекеттер тарабынан бир тараптуу белгиленет, конвенциялык ‒ мамлекеттер тарабынан эл аралык макулдашууларга ылайык белгиленет жана эреже катары, ставкалары төмөнүрөөк болот. Айрым өлкөлөр (Канада, Индия) айрым өлкөлөргө автономдуу, кээ бирине конвенция лык тарифти колдонуу менен Б. т-нин эки түрүн теӊ пайдаланышат. Б. т. алымдарына чен көбүнчө товарлардын наркынан процент түрүндө белгиленет.