АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:59, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>, А. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='А. и.'>анын ичинде</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛГЕБРАЛЫК ИЙРИ СЫЗЫК ‒ өлчөмү 1ге барабар болгон алгебралык көп түспөлдүүлүк . Эӊ жөнөкөй анын ичинде с. катары жалпак аффиндик ийри сызыкты түшүнсөк болот. Жалпак аффиндик анын ичинде с. аффиндик тегиздигинде f(x,y) теӊдемесин канааттандырган чекиттердин көптүгү. Мында f(x,y) коэфф-тери алг. туюк k-талаасында жаткан көп мүчө. Аффиндик ийри сызыктарды изилдөөдө топологиялык ыкмаларды колдонобуз, б. а. аффиндик ийри сызыкты Pn проективдик мейкиндигине туюктоо менен камтып, аны Зарисскийдин топологиясы менен жабдыйбыз. Бул учурда проективдик X ийриси пайда болот жана баштапкы аффиндик Ю ийри сызыгы Xтен чектүү сандагы чекиттерди алып салуу менен алынат. Ошентип аффиндик ийри сызыкты изилдөө проективдик ийри сызыкты изилдөөгө алып келет.

Ад.: Шафаревич И. Р. Основы алгебраической геометрии. М., 1972; Уокер Р. Алгебраические кривые. М., 1952; Мамфорд Д. Лекции о кривых на алгебраической поверхности. М., 1968.
А. А. Чекеев, С. С. Токсонбаев.