АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮН КОРГОЛУУЧУ ОБЪЕКТИЛЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
15:10, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м‑н → <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> (5), ж‑а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– коргоого алына турган айлана‑чөйрөнүн өз ара ажырагыс табигый компонеттери­нин жыйындылары. Алар булгануудан, бузу­луудан, түгөнүүдөн жана талкалануудан сакта­лышы зарыл. Алардын ичинен эң маанилүүлөрү: жер, суу жана атм‑лык аба. Жер бүтүндөй жара­тылыш менен анын объектилеринин негизин түзөт. Башка бардык объектилер (жер астындагы жана анын үстүндөгү) Жер менен ажырагыс бирим­дикте жана байланышта болот. Жер айлана‑чөй­рөнүн жана аны коргоонун объектиси катары жер бети менен кыртыштык катмарды түзөт. А. ч‑сын­да жер өндүрүштүн негизги жана алмаштыргыс каражаты болуп эсептелет. Ошондуктан мында кыртыштын түшүмдүүлүгү биринчи мааниге ээ. Маанилүүлүгү жагынан кийинки объектини суу түзөт. Сууларга дарыялар, көлдөр, каналдар, суу сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр, мөңгүлөр, жер астындагы суулар кирет. Суу объектилеринин курамы суу кодексинде берилген. Жашоо турмуштагы эң маанилүү жаратылыш чөйрөсү­нүн бири – атмосфералык аба. Атмененын курамында атмененын «озондук катмары» деген ком­поненти өзгөчө бөлүнүп турат. Бул Жер бетин Күндүн тике тийген нурларынан сактап туруу­чу газ катмары болуп саналат. А.-ч. к. о‑нин бири – токойлор. Токойлордун климатты, суу агымдарын жөнгө салууда мааниси зор, кычкылтек бөлүп чыгарат. А.-ч. к. о. катары экосисте­малар да эсептелинет.