АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (3), а. и. → <span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span>) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОНОМИЯЛЫК ОБСЕРВАТОРИЯ - асман жарык чыгаруучуларын жана андагы кубулуштарды байкоочу жана астрономия б-ча изилдөө иштерин жүргүзүүчү ил. мекеме. Ал байкоо жүргүзүүчү аспаптар (телескоп, радиотелескоп ) аркылуу байкалган маалыматтарды ылгоочу атайын лабор. приборлор (мис., электрофотометр ж. б.) менен жабдылат. А. о. адатта шаардан сырткары, деӊиз деӊг. бийик жана мүмкүн болушунча экваторго жакын тоолорго курулат. Көпчүлүк А. о. электромагниттик нурланууну каттоочу аспаптар менен жабдылат, негизги приборлору коргоочу мунарасына жайгаштырылат. А. о. Ассирия, Вавилон, Кытай, Египет ж. б. мамлекеттерде бир нече миӊдеген жылдар мурда эле курулган. Өз учурунда 15-к-да Улугбек Самаркандда А. о. куруп, 1018 жылдыздан турган белгилүү каталогун жогорку тактыкта иштеп чыккан. 18‒19-к-да дүйнө б-ча 400дөн ашуун А. о. түзүлүп, азыр 500гө жетти, анын ичинде Абастумани астрофиз. обсерваториясы (Боржоми ш.), Гринвич обсерваториясы (Лондон), Крымдагы астрофиз. обсерватория, Пулков обсерваториясы (Санкт-Петербург) бар. Ад.: Развития астрономии в СССР. М., 1967.